Nokia 6700 Classic - Күтүү жана сактоо

background image

Күтүү жана сактоо
Сиздин аппаратыңыз жогорку деңгээлде дизайндоонун жана чебердик менен жасоонун продуктусу жана тиешелүү

мамиле кылууга татыктуу. Төмөнкү сунуштар сиздин кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрүндө электрондук

тетиктерге зыян келтирүүчү минералдар бар. Эгер сиздин аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып,

толук кургагандан кийин гана кайра салыңыз.

Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде колдонбоңуз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык компоненттери

зыянга учурайт.

Аппаратты ысык жайларда сактабаңыз. Жогорку температуралар электрондук аппараттардын колдонуу

убактысын кыскартып, батареяларга зыян келтирип, айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып

келиши мүмкүн.

Аппаратты суук жайларда сактабаңыз. Аппарат өзүнүн нормалдуу температурасына кайрылганда аппараттын

ичинде ным пайда болуп, электрондук тактачаларга зыян келтириши мүмкүн.

Ушул колдонмодо көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ичиндеги электрондук

схемаларды жана назик механизмерди зыяндатышы мүмкүн.

Күчтүү химикаттарды, тазалоочу эритмелерди же кир кетирүүчү каражаттарды аппаратты тазалоо үчүн

колдонбоңуз.

Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу

ыктымал.

Камера, жакындык сенсор жана жарык сенсор линзалар сыяктуу линзаларды тазалоо үчүн жумшак, таза, кургак

кездемелерди пайдаланыңыз.

Жол берилген же кошо берилген алмаштыруучу антеннаны гана колдонуңуз. Жол берилбеген антенналар,

жакшыртуулар, кошумчалар аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерге каршы келиши мүмкүн.

Заряддоочу түзүлүштөрдү имарат ичинде гана колдонуңуз.

Сиз сактоону каалаган, тааныштар жана календардык эскертүүлөр сыяктуу манилүү маалыматтарды кошумча

түрдө көчүрмөлөп жүрүңүз.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн маал маалы менен өчүрүп, батареяны алып, анан кайра иштетиңиз.

Бул сунуштар бирдей даражада сиздин аппаратыңызга, батареяга, заряддоочу түзүлүшкө жана кошумча жабдыктарга

тиешелүү. Эгерде кайсы аппарат жана жабдык болбосун туура иштебесе, аны эң жакынкы ишеним кызмат көрсөтүү

түйүнүнө алып барыңыз.

56

Продукт жана коопсуздук маалыматы