Nokia 6700 Classic - Тез жардам чалуулары

background image

Тез жардам чалуулары
Маанилүү иш: Колдогу аппаратыңыз радио сигналдарды, зымы жок байланышты, жердин кыртышы менен өткөн

тармактарды жана пайдалануучу тарабынан программаланган функцияларды колдонуп иштейт. Түзүлүш, тез жардам

чалууларын уюлдук тармактар аркылуу гана аткарууга аракет жасайт. Баардык шарттарда байланышууга кепилдик

бериле албайт. Зарыл түрдө байланыш керек болсо, мисалы, медициналык тез жардам чакырууда, сиз жалгыз гана

зымсыз аппаратыңызга ишенбеңиз.

Тез жардам чалуусун аткаруу үчүн:

1

Өчүрүлгөн аппаратты жандырыңыз. Сигналдын жетиштүүлүгүн текшериңиз. Аспабыңызга жараша,

төмөнкүлөрдү аткаруу керек болушу ыктымал:

Эгер түзүлүшүңүздү иштетүү үчүн SIM карта керек болсо, аны ордуна кыстарыңыз

Аспабыңызда мурда коюлган чакырууларга чектерди алып салыңыз.

Профилиңизди, офлайн же учуу профиль режимдеринен, активдүү профилине которуңуз.

2

Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү санда басыңыз.

3

Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам номерлери жайгашуу

жерине жараша өзгөрүп турат.

4

Чалуу баскычын басыңыз.

Тез жардамга чалып жатканда керектелген бардык маалыматтарды мүмкүн болушунча так бериңиз. Сиздин зымсыз

аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксат берилгенге чейин

чакырыкты токтотпоңуз.

58

Продукт жана коопсуздук маалыматы