Nokia 6700 Classic - Тастыктоо маалыматы (SAR)

background image

Тастыктоо маалыматы (SAR)
БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛДОМОЛОРДУН

ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.

Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио толкундарынын

таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз

каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук абалындагы адамдарды сактоо

үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.

Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу

ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда жайгашкан SAR чеги 2,0 Ватт/килограммга (Вт/кг) орточо 10 грамм

дене ткандарына туура келет. Стандарттык операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык текшерилген

жыштыктарда аппарат эң жогорку кубаттулугунда иштетилип SAR тесттер өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR

деңгээли максималдык баалоодон төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган

кубаттуулук менен иштөөгө түзүлгөн. Тармак станциясына канчалык жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго

жараша ошол сан өзгөрүп турат.

ICNIRP колдонмолору астындагы SAR эң чоң саны аппаратты кулакка тийгизгенде 0,43 ватт/кг болуп чыгат.

Аппаратка туташтырылган кошумча жабдуулар колдонуусу SAR нарктарын өзгөртүп салат. SAR нарктардын

өзгөрүүсүнө өлкөдөгү отчет берүү стандарттар, сынамак талаптар жана тармактын тилкеси өзүнүн салымын кошот.

Кошумча SAR маалыматты www.nokia.com өнүм маалымат астында таап алса болот.