Nokia 6700 Classic - Сүрөт тартуу

background image

Сүрөт тартуу
Сүрөт тартуу үчүн, тартуу баскычын басыңыз; же, эгерде видео режиминде

болсо, солго же оңго жылдырыңыз.

Сүрөт режиминде масштабты өзгөртүү үчүн, солго же оңго жылдырыңыз же үн

баскычтарын пайдаланыңыз.
Сүрөттү тартуу үчүн, тартуу баскычын басыңыз. Сүрөттөр телефондун эс

тутумунда же, бар болсо, эс тутум картасында сакталат.
Автоматтык түрдө фокустоо үчүн, тартуу баскычын акырын ылдый басыңыз. Ак

алкак көрсөтүлөт. Качан көрүнүш фокусталганда, алкак, түсүн жашылга өзгөртөт.

Сүрөттү тартуу үчүн, тартуу баскычын толугу менен ылдый басыңыз. Кызыл

алкак, камеранын фокуста эместигин билдирет. Мындай учурда, тартуу

баскычын кое бериңиз, анан кайрадан фокустаңыз.
Сүрөткө тартуу жарыгы жаркыраганда сиз коопсуз аралыкты сактоого тийишсиз.

Сүрөткө тартуу жарыгын адамдарга же жаныбарларга жакын аралыкта

колдонбоңуз. Жарык чыкчу көздү сүрөт тартып жатканда ачып коет.
Камера жарыгын колдонуу үчүн,

Жолдор

>

Жарк этүү

>

Жарк этүү бар

дегенди

тандаңыз; же болбосо, жарыкты, жарык шарттары начар учурларда, автоматтык

түрдө колдонуу үчүн

Автоматтуу

дегенди тандаңыз.

Сүрөттү тарткандан кийин, аны дароо көрсөтүү үчүн,

Жолдор

>

Орнотуулар

>

Сүрөт алд. көрү убак

дегенди жана алдыртан көрүү убактысын тандаңыз.

Алдыртан көрүү убагында башка сүрөт тартуу үчүн,

Артка

дегенди тандаңыз.

Сүрөттү башка түзүлүшкө же иштиктүү кызматка жөнөтүү үчүн,

Жолдор

>

Жибер

дегенди тандаңыз.

Сиздин аппаратыңыз 2592x1944 пиксел чечүүсүндө сүрөткө тартууну колдойт.