Карталар жана GPS
Качан ички GPS кабыл алгычы спутник сигналын тапкандан кийин, учурдагы
жайгашууну көрсөтүү үчүн бир нече мүнөт кетиши мүмкүн.
Глобалдуу Турак Табуу Системасы (GPS) АКШнын Өкмөтү тарабынан
башкарылат жана анын тууралыгына жана тейлөөсүнө жалгыз гана АКШ Өкмөтү
жоопкерчиликтүү. Жайгашуу маалыматынын тактыгы АКШ Өкмөтү тарабынан
GPS спутниктерине жүргүзүлгөн түзөтүүлөргө көз каранды жана бул түзөтүүлөр
АКШ Коргоо министирлигинин атуулдук GPS саясатына жана Федералдык
радионавигациялык планга жараша жүргүзүлүшү мүмкүн. Маалымат тактыгы
спутниктердин туура эмес геометриялык орундарынан да көз каранды болуп
өзгөрүшү мүмкүн. GPS сигналдары сиз жайгашкан жерден, үйлөр, табигий
тоскоол жерлерден улам же аба ырайынын кесепетинен жакшы жетпеши
мүмкүн. GPS сигналдар имараттардын ичине же жер астына жетпей калышы
мүмкүн, жана бетон менен метал окшогон заттардан өткөндө бузулуп калышы
ыктымал.
Карталар
49
GPS аспаптары жайгашуу жерди так чыгаруу үчүн колдонулбашы керек жана сиз
турак табуу же навигацияда жалгыз гана GPS кабыл алгычынан жана уюлдук
радио тармактарынан келип түшкөн жайгаштыруу маалыматтарга ишенбей
жүргөнүңүз оң.